Баа-сындар

Урматтуу Татьяна Ивановна, Елена Михайловна жана Елена Александровна!
Сиздерге менин кызым Олесянын тарбиясы жана билими, сиздердин системалуу тырышчаактык менен ага жасаган камкордугуңуздарга ыракмат. Ушул жылы, даярдоо тобунда Олеся көптөгөн нерселерди үйрөндү. Бул жылы анын өсүшүндөгү «Секириктер» абдан жогору. Укмуштуудай, кызыктуу эртең мененки өткөрүлүүчү майрамдар, эң сонун уюштурулган бүтүрүү балы үчүн ыракмат. Мындай, Сиздердикиндей эртең мененки өткөрүлүүчү майрамдар эч жерде жок.
Биз Сиздерди баалайбыз жана сүйөбүз, Сиздерди ар дайым эстеп жүрөбүз!

Олесянын атасы Михаил Матасов

Баарыңарга (бардык мугалимдерге) менин небереме (Лигай Кристинага) көңүл бургандыгыңарга, камкордугуңарга, жакшы билим бергендигиңерге ырахмат айтам. Мен анын «Илим» мектебинде окугандыгына абдан ыраазымын. Ал окуусун Америкада улантат. Мага ал айтып жатат: «Бул мектепти мен эч качан унутпайм, бул менин жүрөгүмдө өмүр бою калат». Силерге бардыгы үчүн рахмат! Ар бир мугалимге ден соолук, аман-эсенчилик, өнүгүүнү, жеке бакытты каалайм. Дагы бир жолу ырахмат!

Силерге терең урматым менен Лигай Кристинанын чоң энеси Галина Владимировна, 7-в класс

Биздин эң мыкты тарбиячыларыбызга!
Канча эркелетүү жана камкордук,
Баарын угуу, ар бирин түшүнүү.
Жумуш алкыштуу да, оор да,
Ар дайым апанын ордунда алмашып.
А эне өз жумушунда бейкапар.
Балдар үнү шаңдуу жаңырат.
Анткени бөбөктөрдү ар качан,
Силердин мээримдүү, сулуу көздөрүңөр байкап турат!

Татьяна Алексеевна жана Маргарита Андреевна!
Биздин Сиздерге туш келгенибиз жакшы болду. Менин Демим үчүн башка мыкты тарбиячыларды элестете албайм. Адамдык сапаттарды жана адистикти баалоо- бул биздин бөбөктөрдүн сүйүүсү менен ата-энелер тараптан терең урматтап сыйлоо болуп эсептелет. Менин оюмча, Сиздер ага 100% татыктуусуздар. Силердин чыдамыңар, камкордугуңар менен эркелетүүңөр, түшүнүү жана чыныгы мамилеңер үчүн чоң рахмат. Өткөн жыл ичинде мен бул нерсе Силер үчүн жөн гана иш эмес экендигин көрдүм. Силер биздин балдарга жан дүйнөңөрдү бересиңер. Ыраазычылык билдирүүгө сөз жетпейт. Бирок биздин бөбөктөрүбүз өмүр бою бул эң маанилүү адамдарды эстеп калышат. Дагы бир жолу чоң ырахмат!
Р.S. Силер менен бирге болуу балдарга гана эмес. Бизге да жакшы...

Жалиловдор Тахмена, Медербек

Урматтуу, кымбаттуу Ольга Михайловна, Татьяна Алексеевна, Виктория Юрьевна!
Чын жүрөктөн Сиздерге биздин үй-бүлөгө кошкон салымдарыңыз, биздин Нуралдын тарбиясы үчүн ыраазычылык билдиргим келди! Силердин биздин балдардын келечеги үчүн кошкон салымыңар, эмгегиңер баа жеткис! Ар күнү биз биздин балдардын интеллектине, руханий өсүшүнө, тапкычтыгына да кошкон ишиңердин жыйынтыгын байкоодобуз. Биздин балдардын мүнөзүндө Силердин боорукердигиңер менен сабырдуулугуңар байкалууда. Силер аларга ата-энелер өз балдарына бере албаган нерселерге үйрөттүңөр. Убакыт билинбей өтүп, жакында биздин балдар мектеп турмушуна өз алдынча биринчи кадамдарын шилтешет, бирок мен алардын ар бири Силерди эч качан унутпашын анык билем! Силерге жана Силердин туугандарыңарга тынчтык, боорукердик, бейпилдик каалайбыз!

Эң мыкты каалоо-тилектерибиз менен Айнура Усупбековна

Кымбаттуу тарбиячылар!
Силердин чын жүрөктөн биздин бөбөктөрүбүзгө камкордук менен мамиле кылгандыгыңар үчүн Силерге терең ыраазычылык билдирүү менен эң чоң адамдык «Ырахмат» айтууга уруксат бериңиздер. Силердин четте калбай, биздин балдарга ишенгендигиңер жана алар менен чыдамдуу болуп ар күнү, ар саатта ар биринин ийгилигине жетишип жана кубанууңарга рахмат. Биздин бөбөктөрүбүздү боорукердикке, чынчыл болууга, камкордукка үйрөткөнүңөр үчүн да Силерге рахмат. Силердин жүрөгүңөрдөгү боорукердик, кең пейилдик эч качан азайбасын!

Алмуратова Альмиранын эне-атасы

Биздин кымбаттуу жана урматтуу тарбиячыларыбызга терең ыраазылыктарыбызды билдиребиз!
Татьяна Алексеевнага, Маргарита Андреевнага жана бала багуучулар Виктория менен Татьянага! Бир жыл бою Силер биз менен болдуңар, балдарыбызды тамактандырып, кийиндирдиңер. Биздин эң кымбат баалуу болгон балдарыбызды этият аяп, сактадыңар. Камкордугуңар үчүн чын жүрөктөн алкыш айтабыз!

Урматым менен Светлана Амир-Алинин апасы