Баа-сындар

«Илим» менин эркин, жоопкерчиликтүү, активдүү болуп калышыма жардам берди. Азыр мен өз элиме таасирдүү натыйжа алып келе алам. «Илим» коомго узак убакыттагы инвестиция жасайт.

«Илимдин» бүтүрүүчүсү Малдыбаев Байкал

«Илимге» келгенде жамааттын чыгармачылыл экендигин сездик, баары (чоңдор жана кичинелер) өз максатына бирдиктүү барууда. Ар бири өзүнүн боорукердиги, жылуулугу менен бөлүшүп, кичинекей бурч-реалдуу чоң дүйнөдө кичинекей өзгөчө дүйнө жаратууда.

Кыргыз тили кафедрасынын мугалимдери

Биздин Тимурдун бала–бакчадагы үчүнчү укмуштуудай Жаңы жылы. Ушул убакыттын ичинде Тимканын бала-бакчага баргысы келбеген бир дагы эртең мененки убактысы болгон эмес. Ар дайым абдан чоң каалоо менен секирип гана барууда . Бала-бакчага 3-5 күн барбай калса: «Качан мен бала-бакчага барам, абдан баргым келип жатат!»- деп сурай баштайт. Бул биздин тарбиячылардын - балдар үчүн өз сүйүүлөрүн, билимдерин, талаптарын жана сабырдуулугун берген адамдардын сиңирген эң чоң кызматы. 7.30дан баштап бала –бакчада болуп, 19.30да кетпеген адамдардын эмгеги. Майрамдарга карата костюмдарды тигип, билим берүү үчүн материалдарды өздөрү жасагандар. Чынын айтканда, биздин тентек үчүн биздин авторитет тарбиячынын авторитетине караганда анчалык деле күчтүү эмес. Тимка үчүн эң коркунучтуу опуза - бул, мен кээде колдонуучу- тарбиячыларга айтып коём деген коркутуу.

«Шайыр адамдар» жогорку топтогу баланын ата-энесинен баа-сын

Саламатсыңарбы! Баары жакшы, рахмат! Кызмат...адаттагыдай эле, ар дайым туруктуу, жаңы эч нерсе жок, эски да. Абдан көп окуу, спорт да, бирок булардын мага эч кыйындыгы жана көйгөйү жок, анткени сиздердин мектеп мени күчтүү, жоопкерчиликтүү жана акылдуу кылып калыптандырган да! Мен дал ушул Илимди бүтүргөнүмө абдан кубанычтуумун. Жана ар түрдүү «Илим» андай-мындай деген стереотиптер жалган жана провокация! Болгон керектүү билимдер бар! А эң негизгиси, «Илим» адамды инсан катары калыптандырат! Гульджамал Джусупбековна, Сизге баары үчүн чоң ырахмат! Жараткан Сизге чың ден соолук берсин! Өзүңүздү сактаңыз!
Менин «кичи мекеним» кандай???

2014-2015 окуу жылынын бүтүрүүчүсү Володя Прядкиндин каты. Россиядагы Вольск шаарынын Вольск аскердик академиясына өттүм.