Дене тарбия

Өсүп жана такшалып бара жаткан баланын денесине кыймыл-аракеттин пайдасы чоң.

Кыймыл-аракеттин таасиринин алдында баланын жүрөк, кан тамыр системасынын иштөө процесси жакшыртылат, кыймылдаткыч-таяныч аппараты чыңдалат, нерв системасынын кызматы бир калыпка келет.

Кыймылдуу аркеттер баланын ооруларга каршы күрөшүүсүн, организмдин сактоо күчтөрүн калыбына келтирип, лейкоциттердин функциясын активдештирет.

Таасирленүүчү абалы көтөрүлөт.

Балдар кубаныч, энергиянын топтолушун, эркиндик жана бошоңдукту сезишет, көңүл буруусу жогорулайт.

Дене тарбия кабыл алуусун күчөтөт жана курчутат, таасирленүүчү абалын пайда кылат.

Ар түрдүү кыймыл - аракеттердин айкалышы айрыкча баалуу болуп саналат.

БИЗДЕ ГИМНАСТИКАНЫН КАНДАЙ ТҮРҮ ҮЙРӨТҮЛӨТ?

  • ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ ГИМНАСТИКА
  • ҮН МЕНЕН
  • ДЕМ АЛУУ АРКЫЛУУ
  • МАНЖАЛАР МЕНЕН
  • РИТМ МЕНЕН
  • ЭС АЛУУ МҮНӨТТӨРҮ
  • КОРРЕКЦИЯЛОО

Коррекциялоо гимнастикасы дененин туура калыптанышына жана тамандын түздөлүшүнө жардам берет. Ошондуктан, биз буга өзгөчө маани беребиз.

Оюн балдар үчүн алардын жашоосу.

Оюн – биздин ишибиздин калыбы. Биз спорттук оюндарды, майрамдарды, көңүл ачууларды өткөрүп турабыз.

Биздин “Ден соолук күндөрүн” балдар да, чоңдор абдан жакшы көрүшөт. Бул спорттук майрамдарды бардык илимдеги балдар чыдамсыздык менен күтүшөт, анткени алар ачык асман алдында өткөрүлөт. Аянтчада кармалбас шаттык тузүлүп, музыка ойнойт, бүт жерге тагылган гүлдөр, желекчелер жана шарлар, жомоктогу каармандардын кооз кийимдери эч кимди кайдыгер калтырбайт.Спорттук иш-чара жүрүп жатканда балдар жеке ойлоп тапкан спортко тиешелүү ар түрдүү кыймыл - аракеттерин жана өздөрүнүн спорттук түзүлүштөрүн көрсөтүшөт. Майрамдар оюндар, бийлер, аттракциондор, сюрприздер, табышмактар менен коштолот. Мындан башка парктарга, токойлорго, стадиондорго, тоолорго сейилдөө да жүргүзүлүп турат.

Ден соолукту сактоо программасы бир эле физикалык жактан эле эмес, балдардын организмине тиешелүү артык эмоциялык жүктү да алып салууга жардам берет.

Биз сыяктуу дене тарбия спорту менен достошкула жана биздей болуп ар дайым ден соолукта болгула!

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)