Маалымат

rainbow

Ар бир ата-эне өз баласын шайыр, ден соолукта , акылдуу жана физикалык жактан күчтүү көргүсү келет.
Бул максатта бала бакчада сабактардан тышкары балдар медициналык жактан көзөмөлгө алынган.

Негизги максаты: сапаттуу билим берүү менен катар балдардын ден соолугун да сактоо жана чыңдоо.

Биз төмөнкү иш-чараларды өткөрөбүз:

  • айыктыруу - алдын алуу иш-чаралары;
  • тар адистерди тартуу менен байкоо жүргүзүү;
  • белгилүү убакыттарда антропометриялык байкоо иштерин жүргүзөбүз;
  • жаңы келген окуучуларга байкоо иштери;
  • ооруп сакайган балдарга андан кийинки дарылоо иштерин жана медициналык кеңештерди беребиз;
  • көздү сактоо боюнча алдын - алуу иштерин жүргүзөбүз;
  • кыймылдаткыч-таяныч аппаратынын дарылоо жана алдын алуу иштерин жүргүзөбүз;
  • ден соолукту чыңдоо иш-чаралары;
  • эпидемияга каршы иш-чаралар;
  • ичеги – карын, ашказандын ооруларын жана жугуштуу инфекцияны алдын алуу иштери;
  • өздүк гигиенаны жана бөлмө ичиндеги гигиенаны сактоо;
  • манту эмдөөсүнө карата текшерүү жана алдын-алуу иштери;
  • бөлмөлөргө жана жалпы колдонуучу жерлерге күнүмдүк тазалоо иштерин жүргүзүү.

Ден соолуктун абалы көпчүлүк убакта тамактанууну туура уюштурууга көз каранды.
Туура теңдештирилген тамактануу баланын организминин жалпы туруштук берүүсүн жогорулатат.

Медициналык илимдердин доктору Н.Ф. Базарныйдын усулу менен балдардын көзүнүн көрүүсүн жакшыртып, сактайбыз.

Бул үйрөтүүчү процесс көздүн курчтугун сактоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү алдын-ала караштырат.

Алысты көрүү режимин жүргүзүү сабактарынын максаттары:

  • Биринчи иретте – бул ден соолукту көрүүнү жакшыртуу аркылуу чыңдоо, көрүү эс тутумун, мейкиндиктеги туура багытын өнүктүрүү.
  • Бул сабактар көрүүнүн эффективдүүлүгүн, көрүү кызматынын айкалышып өнүгүшүн камсыз кылат.

«Алысты көрүү режимине үйрөтүү» процессинин артыкчылык айырмасы, алдын-ала курч көрүү орнотулгандан кийин (Новиковдун таблицасы боюнча), ар бир бала үчүн анын көрүүсүнүн максималдуу курчтугуна ылайык келген жекече иш аралыгы аныкталат.
Атайын белгиленген жерге ар бир баланын иш орду такталат.
Сабак учурунда бала бул жерге жайгаштырылат.
Сабакка карата көрсөтмөлүү куралдын эң кичинекей көлөмү тандалып алынат.
Курал балдардын окуу өзгөчөлүгүнө карата жогорку жана даярдоо топторуна ылайыкташтырылып тандалат.
Окуучуларга сүрөттөрдү карап, тартылган нерселердин бөлүктөрүн көбүрөөк айтып берүү сунушталат. Сүрөттөрдөн эң майда бөлүкчөлөрдү тапкандар мактоого алынат.
Андан кийин балдар суроолорго жооп берип, аңгеме түзүшөт.
Биз цифралар, тамгалар, сөздөр жана тартылган нерселер менен иштейбиз. Алардын санын жана салыштыруусун жүргүзөбүз.

Баланын ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн күчөтүү үчүн ачык суроолор берилет:

  • Бул эмне болушу мүмкүн?
  • Мурун эмне болчу?
  • Кийин эмне болот?
  • Силер кандай ойлойсуңар?
  • Бул дагы кимде болушу мүмкүн?
  • Муну менен дагы эмне кылса болот? ж.б.

Сабактардын узактыгы 15-20 мүнөт.

Куралдардын жаңылыгы жана түрдүүлүгү аркылуу сабактарга кызыгуу күчөйт, тапшырмалардын алмашып туруусу балдардын чарчоосуна мүмкүндүк бербейт.
Эс алуу мүнөтүндө дубалдарда тартылган ачык темгил тактарды издөө (сүрөттөр, тамгалар, сөздөр) балдардын ар багытка чуркап, кыймылдашын күчөтүп, көз, моюн булчуңдарын чыңдайт.
Сабактар чарчагандыкты жоготууга көмөктөшөт. Көрүүнүн начарлоо коркунучун азайтат.

ЖЫЙЫНТЫКТАР

Сабактар башталганга чейинки жана жыл ичинде жүргүзүлгөн бир нече салыштырмалуу көз курчтугун текшерүү көрсөткүчтөрү көздүн курчтугунун өсүшүн далилидөөдө.

КӨРҮҮ – БУЛ ЖАШОО, КӨЗҮҢӨРДҮ САКТАГЫЛА!
СИЗДЕР БАЛДАРЫҢЫЗДАР МЕНЕН ар дайым ден соолукта болуңуздар!

Биз сиздердин балдарыңыздар үчүн камкордук көрөбүз!

twittergallerycontact