Унаа кызматтары

1-11-класстарынын окуучуларынын ата-энелери №3 «Финансылык-экономикалык» бөлүмүнө арыз менен кайрылуу аркылуу кошумча унаа кызматтарын колдоно алышат.

Шаардын бардык багыттарын камтыган сегиз микроавтобус түрдүү маршруттар боюнча (3-12 кичирайондор, Аламедин, Асанбай, Ак-Өргө, Маевка кыштагы, Киргизия-1, чыгыш автобекет, шаардын борбору ж.б.) окуучуларды эртең менен так белгиленген убакта алып кетишет. Кечкисин, саат 17.00дө, сабактар бүткөн убакта балдарды үйлөрүнө жеткизишет.