Психологиялык жактан колдоо борбору

Максаты: Балдардын жогорку түшүнүктөгү инсан болуп өсүшүнө жана социалдык жактан туура калыптанышына карата шарттарды түзүүгө жардам кылат. Инсан укугунун сакталышын балдар укугунун Конвенциясынын негизинде жүргүзөт.

Ишмердүүлүктүн багыттары:

  • Андан ары Комплекстин билим берүүгө белгиленген жолун тактоо максатында ар түрдүү профиль жана иштин ыңгайын психологиялык жактан алдын алуу.
  • Окуучунун жаш өзгөчөлүгүн жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүн тастыктаган психологиялык аныктаманын негизинде анын жекече режимине түзөтүүлөрдү киргизүү.
  • «Мен» - окуучу позитивдүү концепциясынын, ишениминин, толук кандуу өзүн баалай билүү сезиминин жогорулашына, турмуштук түрдүү кырдаалдарда туура багыт табышына, тил табышуу көндүмдөрүнүн өсүшүнө жардам берет.
  • Психологиялык жактан ата-энелерди (алардын ордун басуучуларды) колдоо, алардын социалдык-психологиялык компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында түшүндүрүү жардамдарын иш жүзүнө ашырат.
  • Окуучулардын активдүү, өз алдынчалык, жоопкерчиликтүү мүнөзгө ээ инсан болуп өсүшүнө педагогдор, ата-энелер тарабынан чөйрө түзүлүшү үчүн түшүндүрүү кеңештерин берет, ушундай билим багытын, тил табышуу кичи чөйрөсүн тандап алып ийгиликтүү ийкемге келишин ыңгайлаштырат.
  • Педагогдорго жана ата-энелерге социалдык ийкемделиш процесстерин уюштурууга жардам берет.
  • Ар түрдүү багыттагы социалдык - психологиялык тренингдерди өткөрөт:
    • баарлашуу тренингдери
    • социалдык-психологиялык компетенттүүлүк
    • инсандык өсүш
    • жол баштоочу сапатты өнүктүрүү
    • ВИЧ/Спид жана ЖЖЖОну алдын алуу