Шахматтар

«Шахматтар – ырааттуу, логикалык аң-сезимдин эң бийик мектеби.»
В.А.Сухомлинский

Шахмат оюндары жөнүндө ата-энелер эмнени билиши керек

«Шахматтар – жөн гана оюн эмес, алар андан чоң нерсе. Бул айкындалган көркөм касиеттери жана көп илимий элементтери бар интеллектуалдуу убакыт өткөрүү. Акыл эмгеги үчүн шахматтар физикалык жетишкендиги бар спортко тең: адам келбетинин кээ бир касиеттерин өстүрүүгө карата жумшалган жагымдуу көнүгүүлөрдүн жолу…»

Шахматтар балдарды ар тараптуу тарбиялоосунун бир түрү болуп эсептелет. Шахматтын маанилүүлүгүн кабыл алган мамлекеттер аны балдардын билимине жана тарбиясына активдүү кириштирип жатышат. Шахматтар бащталгыч мектептин жашоосуна акыл маданиятынын бир элементи катары кирүүгө тийиш. Сөз интеллектуалдык тарбия жактан өзгөчө орунга ээ болгон башталгыч мектеп жөнүндө жүрүп жатат. Немец окумуштуусу Г.Клаус төмөнкүдөй жыйынтыкка келген: «Так логикалык аң-сезимди жеңил машыктырууда бул максатта атайын китептерди колдонуунун ордуна шахмат оюндарын ойноо менен жеңил жетишсе болот».

Шахмат оюндарын ойноо менен ар бир бөбөктөгү жаратылыш берген эң чоң потенциалды ачуу каражаты катары колдонуу маанилүү. Бала үчүн шахматтар- ал кубануу менен аракеттенген кызыктыруучу оюн, кызыктуу практикалык ишмердик.

Шахмат ойноого үйрөнүү балдарга эмне берет?

  • Шахматтар – интеллекти өстүрүү негизги факторуна алып келген баланын «акылындагы кыймыл» механизминин калыптануусунун эффективдүү модели.
  • Шахматтык оюндарда балдардын ички кыймылынын пландарынын көндүмдөрү калыптанат. Бул көндүмдөрдү үйрөнгөн бала өз убактысын пландап, стратегиялык жактан ойлонууну, коюлган максаттарына жетүүнү билет.
  • Тегиздикте багыт алганга, мейкиндиктеги элестетүүсүн, аналитикалык-синтетикалык ишмердигин өстүрүүгө жардам берет.
  • Көңүл буруучулук, чыдамкайлык, ойлоп табуучулук, ийкемдүүлүк сыяктуу баалуу сапаттардын мыктыланышына көмөк көрсөтөт. Заманбап мектептин башталгыч класстарында керектелүүчү бардык сапаттардын пайда болушуна жардам берет.
  • Мектептеги башка сабактардан айырмаланып, шахматтарда бардык суроолорго жооп жок. Бала ойлонуу процесстерин практикалык кыймылдар менен айкалыштырып, сабактарда алган билимин чыгармачылык менен колдонууга, өзгөчө чечимдерди издөөгө, тактада эң сонун комбинацияларды түзүүгө үйрөнөт.
  • Өз аракеттери үчүн жооп берүү, кылган иштерин өз ордуна коюу, туура чечимди издөө жана табуу сезимдерин тарбиялайт.
  • Ойлонууну, көңүл бурууну, эстеп калууну, салыштырууну, жалпылоону, өз ишинин жыйынтыктарын алдын-ала көрүүнү үйрөтөт.
  • Балада токтоолук, эркинин күчтүүлүгү, ынтаа коюусу, жыйнактуу болуусу иштелип чыгат.
  • Бала бир процесске көңүл бурууну үйрөнөт, анын тырышчаактыгы пайда болот, көңүл коюу жана эс тутум сыяктуу психикалык процесстер калыптанат.
  • Оюн убагында балдар мыкты ыкылас коюп, көп эстеп калышат.
  • Оюндагы тажрыйба башка адамдардын көз карашына билүүгө, алдыдагы кыймыл аракетти кармап калууга жана анын негизинде өз кыймылын түзүүгө жол берет.


Уюштурууга карата суроолор:

  • Сабактар 4 жаштан 16 жашка чейинки балдар менен жүргүзүлөт. (Шахматка үйрөтүүнүн оптималдуу убагы - 4-6 жаш. Бул мезгилде балдар кыйынчылыксыз эле жаңы нерсени үйрөнүп кетишет.)
  • Шахматтык тактанын болушу.


Тренерлер:

  • Акопян Александр Львович - СССРдин шахматтар боюнча спорт мастери, Баку шахматтар мектебинин бүтүрүүчүсү, Греция чемпионатынын коло байгесинин ээси.