Театр

 Максаты: Кыргызстанда маданияттуу, социалдык – активдүү жаштардын катарын тарбиялоо, ыймандуу, жашоого сергек мүнөздү калыптандыруу, поэзия жана чыгармачылыкты сүйүүгө үйрөтүү.

Иштөө формасы: Актердук чебердикке үйрөтүү үчүн жекече сабактарды өтүү, музыка менен иштөө, бий түрүндө оюн көргөзүү, сценарийлерди иштеп чыгуу, ролдорду тандоо жана бөлүштүрүү, театралдашкан оюн коюу, өзүн жактоо.

Жыйынтык:

  • 2011-ж.
    • «Ак чардак» - адабий-музыкалык оюн көргөзүү («Эки Бах»)
    • «Сокур музыкант» Н. Короленконун чыгармасы - драма
  • 2012-ж.
    • «Жаңы жылдык укмуштуу окуя»
    • «Жылдыз кыз»
    • О.Уайльддын чыгармаларынын негизинде «Портрет Дориана Грея»
    • «Шабдалы» О’Генринин аңгемесинин негизинде музыкалык комедия
    • 2012-ж. 17 апрелинде Орус драм театрынын сахнасында 5 «Б»,8, 10, 11- класстардын окуучулары «Джонатан Ливингстондун ак чардагы», «Жарыкка карай жол», сахналаштырган оюндары коюлду
  • 2013-ж.
    • «Чыгыш жомоктору»
    • «Эшек», «Кошуна», «Кенч» музыкалык миниатюралары
  • 2014-ж. 6 февралында орус тили жумалыгынын алкагында 7-10-класстардын окуучуларынын катышуусу менен «Макар Чудра» спектакли коюлду
  • 2015-жылдын 30 апрелинде Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драматеатрында Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдык Улуу Жеңишине карата «Бул өлүүлөргө керек эмес! Бул тирүүлөргө керек!» аттуу театрлашкан көрсөтүүсү менен майрамдык концерт болуп өттү.
  • 6 май 2016ж. Улуу Жеништин 71 жылдыгына арналган Ж.Браундун «Зорьканын ыры» аттуу бирдей аталыштагы китебине карата 5 «Б» - классынын окуучулары тарабынан коюлган театралдык көргөзүү!