TOEFL - IELTS

Урматтуу биздин ата-энелер,

Биз сиздерге ушул жылдын ноябрь айынан баштап Илимде Великобританиянын жараны, Кембридж университетинин бүтүрүүчүсү, англис тили мугалими Джонатан Роджерс өз ишин баштагандыгы жөнүндө кубанычтуу түрдө билдиребиз, анткени анын диплому чоңдор жана студенттерге англис тилин окутууга мүмкүндүк берет.

Ал педагогдордун улантуучусу, анын атасы TOEFL iBT и IELTS боюнча тесттерди кабыл алуучу, Кембридж университетинин профессору.

Мындан тышкары биздин окуучуларга окуу программанын алкагында жогорку класстар үчүн TOEFL iBT менен IELTS тесттерине даярданууну жана ортоңку класстарга англис тилинде сүйлөшүүнү камтыган «Англис тилиндеги адистештирилген курс» аттуу долбоор ишке киргизилди.

TOEFL (Test of English as a Foreign Language) тестти дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу тесттердин бири болуп эсептелет.
Аны тапшыргандыгы тууралуу сертификаттты көрсөтүү, АКШ, Канада жана башка англис тилдүү өлкөлөрдүн ЖОЖдору менен колледждерине өтүүнүн милдеттүү шарты катары эсептелет.
TOEFL 130 мамлекеттин ичиндеги 6 000ден ашуун жогорку окуу жайларда таанылган.

IELTS (International English Language Testing System) тестти, эгерде силер төмөнкүлордү пландасаңар керектүү болуп эсептелет:

  • англис тилдүү, англис тилин тастыктоого туура келген олкөгө барып жашасаңар;
  • бул экзамен англис тилин билүүнү милдеттүү түрдө тастыктаган чет элдик жождо окууга туура келсе;
  • эл аралык компаниядагы карьера үчүн. Мындай учурда тест сизге өз адистигиңизди далилдөөгө жардам берип, ийгиликтүү карьераңыздын башталышына багыт берет.


IELTS экзамендеринин жыйынтыктарын кабыл алган дүйнөнүн окуу жайлары ар дайым көбөйүүдө.

Окуп жана тесттерден өтүүдөн сиздер эмнени күтүшүңүздөр мүмкүн?

  • сиздердин балдарыңыздар расмий тестирлөөнүн алдында жана тапшырып жатканда өз билимдерин баалай алышат;
  • убакытты чектөө мүмкүнчүлүгүн сезе турган сыноочу тестти тапшыруу убагында экзамендин реалдуу стресстик кырдаалдарына даярдана алышат;
  • өзүнүн күчтүү жана алсыз жактарын билүү, тестке даярдануу пландарын тактоо;
  • аны иштеп чыккандардан, же экзамен алуучулардан кеңештерди жана сунуштарды алуу.


Курс мүмкүндүк берет:

  • окуучуларды экзамендин форматы менен таанышууга;
  • берилген экзамендин 4 бөлүмүнөн турган: окуу, жазуу, аудирование, сүйлөө- типтүү тапшырмаларын аткарууга;
  • экзамендин коюлган убактылуу алкактагы форматына карата аракеттенүүгө үйрөтүү;
  • биздин окуучулардын -силердин балдардын сөздүк запасын кеңейтүү.


Мындан сырткары, Джонатан Илимдеги БҮТ КААЛООЧУ ОКУУЧУЛАР ЖАНА ИШТЕГЕНДЕР ҮЧҮН «TALKING CLAB» САБАКТАРЫН ӨТӨТ.