Маалымат

rainbow

СҮЙЛӨӨ КЕБИН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КАРАТА МИЛДЕТТЕР:

  • Тыбыш сүйлөө кеп маданиятын жөнгө салуу;
  • Сөздүктү күчөтүү, байытуу жана бекемдөө;
  • Грамматиканын бүт эрежелери менен сүйлөө кебин жакшыртуу;
  • Сүйлөшүү (диалогдук) кебин түзүү;
  • Байланыш сүйлөө кебин өнүктүрүү;
  • Көркөм сөз өнөрүнө тарбиялоо;
  • Сабаттулукка, окууга үйрөнүүгө даярдоо;

БАЛАНЫ КӨРКӨМ СҮЙЛӨӨГӨ ҮЙРӨТҮҮ ҮЧҮН БИЗ ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК? БИЗ ҮЙРӨТӨБҮЗ:

  • Тарбиячыны тыңшоо, угуу жана түшүнүү.
  • Сөздөрдү, сүрөттөмөлөрдү кайталоо, тыбыштарды так айтуу.
  • Оюнчукту сүрөттөп берүү жана аны менен болгон аракетти көрсөтүү.
  • Жомокту, аңгемени угуу жана суроолорго жооп берүү.
  • Укканын кайра айтып берүү.
  • Ырларды, лакаптарды, табышмактарды, макалдашкан сөздөрдү эстеп калуу.
  • Сүрөттөрдү кунт коюп кароо.
  • Сүрөт, өз оюнчугу, досу, үй-бүлөсү, өз тажрыйбасы боюнча аңгеме түзүү.
  • Илгерки жомокторду жаңы түрдө түзө билүү.

Биз балдарды өз колу менен жасаган буюмдарын түшүнө билүүгө үйрөтөбүз: курганын, тартканын, кескенин, мимика менен көрсөткөнүн, жана мунун баарын сөз менен түшүндүрө алганын.

Логопедде

Туура сүйлөө – бул балдардын ар тараптуу , толук жарамдуу өнүгүшүнүн негизги шарттары жана сабаттулукка карата аракеттин калыптанышы.

  • Сүйлөө кеби баланын социалдык компетенциясынын калыптанышына шарт түзөт.
  • Сүйлөө кебинин өсүшүнө бул сыяктуу психикалык процесстердин: көңүл буруу, кабыл алуу, эс тутум, аң-сезимдердин денгээлинин калыптанышы өзгөчө маанилүү.
  • Логопеддин сабактарында: көңүл буруу, кабыл алуу, эс-тутум, аң-сезимдин операциясы сыяктуу психикалык процесстерди өстүрүүгө багытталган тапшырмалар колдонулат.
  • Логопеддердин сабактарындагы маанилүү шарттардын бири балдар аракети үчүн колдонулган оюндар болуп эсептелет. Оюн ыктары өзгөчө эмоциялык абал түзүп, баланын кабыл алуусунун күчөтүлүшүн камсыздайт.

Биз сиздердин балдарыңыздар үчүн камкордук көрөбүз!

twittergallerycontact