Маалымат

rainbow

"Илим" Билим берүү комплексинин алдындагы бала бакча 1993- жылдан баштап иштейт, Лицензия LA130000107

Иш убагы 8.00дөн 19.00гө чейин
Бала бакчада 2 жаштан 7 жашка чейинки балдар үчүн 5 курактагы топтор чогулган.

  • 1 -кенже топ – 2 ден 3 жашка чейин
  • 2 -кенже топ – 3 төн 4 жашка чейин
  • Орто топ – 4 төн 5 жашка чейин
  • Жогорку топ – 5 тен 6 жашка чейин
  • Даярдоо тобу – 6 дан 7жашка чейин

Жамааттын жашоо турмушу:

  • Сүйүү жана адамгерчиликтүү мамиле;
  • Чыгармачылык;
  • Изденүү;
  • Шериктештик жана кызматташтык;
  • Сыйлоо жана ишеним;

Биздин милдетибиз – ден соолукту коргоо чөйрөсүн, кичинекей адамдын ар тараптан өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү.

ПЕДАГОГДОР ТАРАБЫНАН ЧЕЧИЛҮҮҮЧҮ МИЛДЕТТЕР:

  • балага өз алдынча болуу шарттарын түзүп берүү;
  • ар тараптуу окуу –тааным иш-аракеттерин түзүп берүү;
  • ар бир баланын өсүшүн камсыз кылуучу шарттарды түзүп берүү;
  • баланы мектепке барууга даярдоо.

Биз үчүн эң негизги деп эсептелген:

  • бардык тарбиялануучулар үчүн жакшы маанайдагы шарт түзүп берүү;
  • балдардын чыгармачылыгынын жыйынтыктыктарына сый мамиле жасоо;
  • тарбия жана билим берүү процесстеринин ийкемдүүлүгү;
  • бардык баланын ар тараптуу өнүгүшү;

Жалпы жаамат «Бала бакчада билим берүү жана тарбия» өнүктүрүүчү программасы менен иштейт.

Көпчүлүк педагогдор автордук программалар менен иш алып барат.

Топтогу сабактар төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

  • сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өстүрүү;
  • сабаттуулукка үйрөтүү;
  • айлана-чөйрө менен тааныштыруу;
  • көркөм адабиятты таануу;
  • ОТМЧЧ;
  • математикага;
  • сүрөт тартуу ишине;
  • конструкциялоого;
  • музыкага;
  • дене тарбияга;
  • англис тилине;
  • кыргыз тилине;
  • компьютер менен өнүгүү оюндарына жана маселелерине.

Балдар менен психологдор жана логопеддержекече иш алып барышат.

Балдардын өсүү денгээлин аныктоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Кошумча иш-чаралар: кэмпо, гимнастика, музыка.

Биз төмөнкү усулдар жана иштелмелерди колдонобуз:

  • Математика – Л.Г.Петерсон, В.П.Новикова
  • Сабаттуулукка окутуу – Л.Е.Журова, Н.А.Зайцев
  • Сүйлөө кепти өстүрүү – В.Н.Волчкова и Н.В.Степанов
  • Айлана-чөйрө менен таанышуу -В.Н.Волчкова и Н.В.Степанова
  • Көркөм адабият – В.Н.Волчкова и Н.В.Степанова
  • Сүрөттөп көрсөтүүгө окутуу – В.Н.Волчкова, Т.С.Комарова.

Биз кандай шарттарда жашайбыз?

  • Эң ыңгайлуу түзүлгөн
  • Туура түзүлгөн күнүмдүк режим
  • Үзгүлтүксүз медициналык,
  • психологиялык-педагогикалык,
  • логопеддердин көзөмөлү
  • Физикалык жактан өсүү
  • Эстетикалык жактан өсүү
  • Күндүр-түндүр көзөмөл
  • Ар түрдүү тең салмактагы тамактануу

Эмне менен сыймыктанабыз?

Балдар биздин бала бакчага өз каалосу менен көңүлдүү келишет
Жыйынтыктар:

Биздин бүтүрүүчүлөр:

  • Мектептеги ийгиликтүү окуучулар
  • Эркин байланыша алышат
  • Өз ойлорун ачык айтып коргой алышат
  • Позитивдүү
  • Толеранттуу.

КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ

Урматтуу ата-энелер, «Илим» Билим берүү комплексинин бала бакчасына кабыл алуу шарттары менен таанышыңыздар.
Эгерде суроолор пайда болуп калса, № 6 «Кардарлар менен иштөө» бөлүмүнүн кызматчысына кайрылыңыздар.

1. № 6 «Кардарлар менен иштөө» бөлүмүндө окуучуну каттоо

2. № 6 «Кардарлар менен иштөө» бөлүмүнүн кызматчысы ата-энелерди бала бакча менен тааныштырат.

3. Милдеттүү төлөмдөр:

  • кирүү төгүмү,
  • окутуу,
  • 3 жолку тамактануу

4. Жеңилдиктер:

  • экинчи жана андан кийинки балдарга - 5%

5. «Илим» ББКсына-мектеп, б/бакчага - кирүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:

  • Бала бакчага кабыл алуу жөнүндө ата-энелердин арызы
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк
  • Ата-энелердин паспортторунун көчүрмөсү
  • Медициналык документтер: № 063 эмдөөлөр жөнүндө форма, № 026 ден соолугунун абалы жөнүндө форма (эгерде бала «Илим» ББКсына келгенге чейин башка б/бакчаларга барган болсо, карантин жөнүндө милдеттүү түрдө коюлган белги)
  • 3х4 (3 даана.) балдардын сүрөтү
  • Ата-энесинин, камкорчусунун кол коюлган эки нускадагы келишими
  • Чет өлкөлүк окуучулар үчүн - нотариалдык жактан күбөлөндүргөн документтердин: паспорттун, медициналык документтердин, өздүк делосунун, ата-энелери, камкорчусу тууралуу маалыматтардын орус тилиндеги котормосу

Биз сиздердин балдарыңыздар үчүн камкордук көрөбүз!

twittergallerycontact