«Eco-Brain» экологиялык олимпиадасы

Ураа! Көңүл бургула! «Eco-Brain» экологиялык олимпиадасынын биринчи оруну «Илимде»!

Интеллектуалдык таймашка 8 мектеп катышкан: 4 мамлекеттик (9, 61, 70, 95) мектептер жана 4 жеке менчик мектептер («Илим» Билим берүү Комплекси, «Газпром», «Билимкана-Бишкек», Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи).

Биздин балдар химия жана биология сабактарын тереңдетип окуткан 9 мектеп гимназиясынын окуучулары менен ат салышууга мүмкүнчүлүк алышты, жана «Илим» командасы жеңишке ээ болушту!

Орунуңар кут болсун! Куттуктайбыз!