ISO 9001:2015 сапатты башкаруу тутуму
Куттуктоолорду кабыл алып жатабыз! «Илим» билим берүү комплекси СМК ИСО 9001-2015 стандартына ылайык тышкы аудиттен өттү. Сертификат дагы бир жолу ийгиликтүү тастыкталды!
Сертификаттоо 10 августтан 11 августка чейин болуп, комплекстин бардык бөлүмдөрү толугу менен текшерүүдөн өттү. Ар бир бөлүмдүн башчысы өз үлгүсү менен сапатты башкаруу тутуму кандайча иштей тургандыгын жана кандай натыйжаларга жетишкендигин көрсөттү.
Илим жамааты CERT International сертификаттоо органына кесипкөйлүгү, иштөө мобилдүүлүгү жана аудиторлордун жогорку даярдыгы үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирет. Сизге гүлдөп өнүгүү жана ишиңизде мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!