Коомчулукка жардам берүү
«Илим» билим берүү комплексинин мугалимдери жана администрациясы кечээки окуялардын алкасында коомдук көйгөйлөрдөн четте тура албады. Мамлекетибиз үчүн оор учурда коомдун биригүүсү абдан маанилүү экендигин билебиз.
Илим жамаатынын атынан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине ысык түшкү тамак алып келип, өздөрүнүн чоң салымын кошушту. Коопту кырдалдарга карабастан, бүгүн шаарыбыздын тазалыгы үчүн иштөөгө чыккан адамдарга ыраазычылыгыбызды билдирип жана тазим кылабыз.
Кыйынчылыктарды биз бирге гана жеңебиз!