Окутуунун акыркы ыкмалары
Онлайн билим берүүнүн жаңы ыкмалары боюнча мугалимдерге арналган семинар-тренингдин жүрүшү мына ушундай!
Беларуссиялык SKLAD билим берүү платформасынын курсун биринчилерден болуп бүтүргөн биздин мугалимдерибиз калган кесиптештери менен өз билим тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Андан тышкары «Илим» билим берүү комплексинин мугалимдери «Padlet» онлайн тактасында иштөө, «QUIZZ» электрондук тесттер жана викториналарды түзүү, «Genially» жана «Netboard.me» онлайн-серсивтеринин колдонуу боюнча мастер-класстарына катышышты.
Азыркы кырдалдын талабына ылайык абдан зарыл болуп турган окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуп келген SKLAD билим берүү платформасынын биринчилерден болуп кыргызстандык өнөктөшү катары биздин «Илим» комплекси катталганына сыймыктануу менен кабарлайбыз!