«Кыргызстандын илимпоздору» конференциясы

2016 жылдын 17 майында «Илим» Билим берүү комплексинде «Кыргызстандын илимпоздору» аттуу конференция болуп өтүп, анда 7 класстардын окуучулары республикабыздагы физика, химия, математика илимдери боюнча окумуштуулар жөнүндө айтып беришти. Балдар Кыргызстандын белгилүү адамдарынын жашоо-турмушундагы көптөгөн кызыктуу нерселерди, алардын өлкөнүн өнүгүшүндөгү кошкон салымдарын табышкан.

Конференцияга «Кызыктыруучу математика, 5 класс» окуу китебинин автору, белгилүү математик, АУЦАнын окутуучусу Кадыралиев Сыргак Капарович чакырылган.

Балдар менен математиканын пайдасы жана мааниси тууралуу маалымат берүүчү талашып-тартышуулар Сыргак Капарович тарабынан берилген кызыктыруучу тапшырмалар менен ребустарды чечүүгө алып келди.