Президенттин инаугурациясы

17 октябрда «Илим» Билим берүү комплексинин мектеп президенти Салахиддинова Севаранын инаугурациясы болуп өттү. Салтанаттуу маанайда Башкы мүдүр Ибрагимова Г.Д. жаңы шайланган президентти ант берүүгө чакырды. Аткаруучу мүдүр Есеналиева Г.Д. президенттин өз кызматына киришкендиги жөнүндө жарыялады.

Севара өз шайлоочуларына ишеним көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирип, алардын ишенимдерин аткарууга убада кылды, ошондой эле, сахнага мектеп парламентинде өзү менен чогуу иш алып бара турган балдарды чакырды.