Үч күндүк IT технологиялардын марафону

12 декабрда 1-5 класстардын балдары катышкан «Лего» иштеринин көргөзмөсү башталды. Балдар өз иштерин алдын-ала даярдап, максималдуу чыгармачылыгын жана жеңишке жетүү каалоолорун көрсөтүштү. Эң мыкты иштер «Лего» оюнчуктар дүкөнү жана ILIM-TECHLAB тарабынан баалуу белектер менен белгиленди.

13 декабрь. Балдарды коргоо жана келечектеги талап кылынган кесиптер жөнүндө айтып берүү үчүн «Сорос» фондунун мүдүрү Ибрагимов Шамиль жана программаны камсыздандыруу менен кызмат көрсөтүүнү (KSSDA) иштеп чыгуучу Кыргыз ассоциациясынын өкүлү келишти.
«Robofest» көргөзмөсү балдарды кызыктыруу менен бирге аларга IT – технологияларын колдонуу менен конструкция түзүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Мындай кызыгуу IT – технологиялар менен байланышкан керектелүүчү кесип болуп калмакчы.

14 декабрь. «Лего» көргөзмөсүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Илимдиктер белектери бар кызыктуу викторинага да катышышты.