Өзгөчө астрономия сабагы

image_0114 декабрда 11 класста астрономия сабагы башкача болуп өттү. Балдар өз колдору менен астрономиялык объектилерди: планеталарды, системаларды, кара тешикчени ж.б жасашкан жана өз темаларына карата кызыктуу жактоолорду да даярдашкан.

Бирок сабактын эң кызыктуу жери, легендага айланган адам - Советтер Союзунун Баатыры, Кыргызстандын биринчи космонавты - Салижан Шакирович Шарипов менен жолугушуу болду.

Онлайн – байланышында космонавт балдарга өзү, тажрыйбасы жөнүндө айтып берип, космос станциясынын түзүлүшүн, реалдуу космос азыктарын көрсөтүп берди. Салижан Шакирович окуучулардын жана мугалимдердин суроолоруна жооп берди. Бул укмуштуудай сонун сабакта космос, чындыгында, баарына жакын жана түшүнүктүүрөөк болуп калды.