«Кайрымдуулук» акциясы

19 декабрь
Чыныгы боорукерлик – бул сыйланууну ойлобой туруп, башка адамдарга пайда алып келүү каалоосу.
Хелен Келлер

Көпчүлүк жардам көптөгөн кичинекейлерден куралат. Эгерде бир адам бир аз гана жардам бере ала турган болсо, анда бардык каалоочуларды жөн гана бириктирсе болот жана жардам берүүнүн өлчөмү укмуштуудай болуп миң, ондогон миң эсеге көбөйөт.

Комплекс тарабынан жүргүзүлүп жаткан, өзүнө туруктуу иштөөчү боорукерлик акциясын камтыган «Илим» Билим берүү комплексинин социалдык активдүүлүк программасы балдарга сүйүүнү, көңул коюуну, боорукерлик көрсөтүүнү үйрөнүүгө,мүмкүнчүлүк берет. «Умут-Надежда», «Сашенька» Балдар Реабилитациялык Борборунун жыл сайын жүргүзүүлүчү майып балдар үчүн жаңы жылдык балатысы буга тастыктоо.

Жогорку класстардын окуучулары майып – балдарды тосуп алышып, колдору менен 3 кабаттагы акт залына жеткирип жатышты. Жаңы жылдык белектерди бардык илимчилер даярдашты-балдар, ата-энелер. Майрам бардык балдарга көптөгөн кубанычтарды жана ыракаттанууларды алып келди.