Толук күндүк мектеп

Турмуштун тез ылдамдыгы үстөмдүк кылган азыркы заманда ата-энелер бир мектептин алкагында, балдарына бир күн толук кароону камсыз кылган билим берүү мекемесинин зарылдыгын сезишет. Мектепте бала тамактанып, сабактарын окууп, дени сак болушу менен толук коргоосу камсыздалганы абдан ыңгайлуу.

Жогоруда айтылып кеткен шарттар «Илимде» билим берүү комплексинде бар.

Бул жерде окуучулардын жеке сапаттарын өнүктүрүүгө салым кошуп туруучу иш чараларыбыз арбын:

  • тематикалык класстан тышкаркы иш-чаралар,
  • класстык сааттар,
  • тренингдер,
  • мастер-майнддар,
  • семинарлар,

бул, албетте, кийинки жашоодо ийгиликтүү социалдаштырууга жакшы өбөлгө түзөрүнө кепилдик беребиз.

Биздин мектепке балдарга болгон билимин жана жан дүйнөсүн арнашкан татыктуу, жогорку квалификациялуу мугалимдердин мыктылары чогулган.

Окуучулар окуу сабактарын түшкү тамакка чейин өтүшөт, ал эми түшкү тамактан кийин бала сабактын материалын түшүнбөй калган болсо, мугалимине ээн-эркин кайрылып, сабак боюнча суроолорун тактап алышат.

Комплекстин окуучулары бош убактыларында ар турдуу класстан тышкаркы ийримдерге жана кызыккан секцияларга — программалоо жана робототехникадан тартып музыка жана сурөт искусствосуна чейин катышып турушат!

Эгерде «Илим» мектебинин ашканасынан баш баксаңыз, анда бизди ашпозчуларыбыз сизди жакшы маанай менен тосуп алып, даамдуу жана түрдүү тамактар менен тойгузушат.

Мектептин аймагына киргенден кийин, сиз дароо бейпилдик, жымжырттык жана жан дүйнө тынчтыгын, эң негизгиси комплекстин коопсуздук кызматы тарабынан камсыздалган тынчтыктыкты сезесиз.

Чарбалык бөлүмүбүз дайыма тазалыкты жана тартипти талаптагыдай нукта сактайт, психологиялык жана медициналык кызматтарыбыз, руханий жана физикалык ден соолук үчүн кам көрөт.

Ата-энелер, биздин мектепте балаңыз үчүн санааңыз тынч болуп, билимге умтулган, башкаларды сыйлаган, чынчыл, калыс, ачык, сабырдуу, келечектеги лидерлерди алып чыгууга мүмкүнчүлүк аласыз.

«Табият ар бир адамга таланттарды берген, биздин милдет - аларды максималдуу аракет менен ишке ашыруу!»

image 01
image 02
image 03

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)