Англис тили боюнча олимпиада

30 апрелде «Imperial» конгресс холллунда узактыгы 9 саатка жеткен English GO англис тилинен 7-11- класстардын окуучуларынын арасында олимпиада болуп өттү. Бишкектин ар түрдүү мектептеринен, колледждеринен (№ 13, 31, 78, 6, 70, 14 орто мектептер, «Келечек» ж.б.). 350 катышуучусу өз билимдерин текшерүү жана 10 байгелүү орун үчүн күрөшүүгө келишти.

Олимпиада 3 этаптан турду:

  • 1 - test
  • 2 - reading
  • 3 - speaking

«Илим» Билим берүү комплексинен 20 окуучу катышты. Алардын ичинен байгелүү орундарга төмөнкүлөр жетишти:

  • 3 орун - Салаххидинова Севара – 11б класс
  • 4 орун - Хван Александр – 11б класс
  • 5 орун - Чо Мария - 11а класс
  • 6 орун - Яникова Милана – 10б класс

Бүт балдарды жана мугалимдерди эң мыкты жыйынтыгы жана эрдиги үчун куттуктайбыз!