ЮНЕСКО ассоциацияланган мектептердин эл аралык конференциясы

2017 жылдын 29 майынан 2 июнуна чейин Ханты-Мансы шаарында (Россия Федерациясы, Ханты-Мансы автономиялык аймак-Югра) «Куткаруу жана коргоо» XV Эл аралык экологиялык акциясынын алкагында «Обь–Иртыш бассейни: жаштар дүйнөнүн улуу дарыяларынын аймактарындагы жаратылышты жана маданий мурастарды изилдешет жана сакташат» X Эл аралык ЮНЕСКО ассоциацияланган мектептердин жана «Югранын гүлдөгөн дүйнөсүн сактап калабыз». XIII Жаштар экологиялык Форумунун катышуучуларын бириктирген «Бир планета – бир келечек!» Эл аралык жаштар Экологиялык форуму болуп өтөт.

Бул конференцияга физика мугалими Онкошева Элеонора Эдуардовна жана 10 «Б» класстын окуучусу Торобаева Эльзира жиберилди. Форумда Эльзира «Менин өлкөмдүн экологиялык абалы» аттуу өз долбоорун жактап чыкты, ошондой эле маданий программанын алкагында кыргыз бийин көрсөттү.

ЮНЕСКО ассоциацияланган мектептердин конференциясынын видео-көрсөтүүсү