Билим күнү!

image_01Урматтуу кесиптештер, ата-энелер, окуучулар!

Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктоого уруксат этиңиздер! Биз үчүн комплекс алдында турган чыгармачылык милдеттерди биргеликте чечүү жакшы адатка айланып калган. Мектептин имиджин, анын гүлдөп өсүшү жана ийгилиги үчүн бирге камкордук көрүүгө ар дайым аракеттенебиз.

Бул эң сонун калыптанып калган адат бул окуу жылында да улантылып, ынтымактуу мектеп жамаатына жаңы жеңиштерди алып келсин!

Сиздерди урматтоо менен
«Илим» Билим берүү комплексинин түзүүчүлөрү
Ибрагимова Г.Д. жана Есеналиева Г.Д.