«Энтузиаст» жайкы лагери

«Июнь – бул балдар бош калган, бирок көпчүлүк ата-энелер дагы эле жумушта болгон убак. Ошондуктан эс алуу убагында ата-энелердин балдарды кантип алаксытууга тынчсызданып, башын оорутпашы үчүн, аларды көзөмөлдөө, күндүн туура режимин кармоо, курбулары менен баарлашуу жана инсан катары өрчүшү максатында биз «Энтузиаст» жайкы лагерин ойлоп таптык. Анын 2 агымы бар жана ар бири бир айга созулат. Сабактарды 1 июндан баштайбыз. Балдар милдеттүү түрдө бассейнге барышат, таза абада көп ойношот, аскадромдо өздөрүн альпинисттердин ролунда карап көрүшөт, форель чарбасын көрүшөт, тоолордо от жагууну үйрөнүшөт. Ошондой эле балдарды мастер-класстар, сүрөт тартуу сабактары, «Лего» конструкторлору, театралдык коюлуштарга катышуу жана дагы көптөгөн нерселер күтөт. «Энтузиастагы»өткөн ар бир күн мурункусуна окшошпойт! Жыйынтыгында ар бир балага эстеликке сүрөттөр тартууланат», – деп «Энтузиаст» жөнүндө биздин окуу бөлүмүнүн башчысы Ольга Борисовна Давыдова айтат.

Биз лагерге 6 дан 12 жашка чейинки балдарды чакырабыз.

Жазылууга азыр бул телефон боюнча мүмкүн: +996 770 33 03 23. Орун чектелүү болгондуктан, шашылууга кеңеш беребиз.