«Кыргыз элинин кенже эпостору» Республикалык сынагы

4 ай, 2 тандоо туру, эбегейсиз сандагы сынактык иштер... 2018 ж. 5 июнда Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Кыргыз элинин кенже эпостору» сынагынын жеңүүчүлөрүн жана финалисттерин сыйлоо аземи болуп өттү!

Бардык катышуучуларга жогорку деңгээлдеги аткаруулары жана сынактык иштери үчүн чоң рахмат! Бул долбоор ар бирибизге кенже жана ири эпостордо, акылмандыктарда, ырларда берилген, биздин ата-бабаларыбызга түздөн-түз тиешеси болгон, өткөн заманды тастыктаган далилдерди алып жүргөн баалуулуктарды эскертти.

Бул сынак жөнөкөй өнөрлүүлөрдү гана эмес, чыныгы чоң чыгармачылыктуу келечеги бар таланттууларды алып чыкты. Биздин дүйнөнү чындап сулуураак, мыктыраак жана боорукерирээк кыла турган адамдарды алып чыкты.