Мектепке кабыл алуу башталды

«Илимде» жаңы 2018-2019 окуу жылына кабыл алуу жүргүзүлүүдө.

Биз ушул май айында биздин 25чи бүтүрүүчүлөрдү чоң жашоого узаттык жана азыр эми кайрадан биринчи класстарды кабыл алууга даярдануудабыз.

«Илим» Билим берүү комплекси – билим берүүгө гана басым жасабастан, аны чыныгы жашоодо колдоно алууга үйрөтүүчү ЮНЕСКОнун ассоцияциаланган мектеби. Ошондуктан биз бала бакчадан баштап, балдарды пикир алмашууга, өз алдынча ой жүгүртүүгө, айлана-чөйрөнү изилдөөгө, өз алдына максаттарды коюуга жана аларды иш жүзүнө ашырууга, англис жана кыргыз тилдеринде сүйлөөгө, компьютерде иштей алууга, сахнада чыгып ойноого үйрөтөбүз. Балада инсандыкты калыптандырууга жардам берүүчү бардык нерселерге үйрөтөбуз, демек ар бир биздин окуучуга мамиле да өзүнчө өзгөчө. «Илим» – бул өз жашоосун өз колуна алуучу жана кабыл алынган чечимдери үчүн жооп берүүгө даяр болгон келечектеги лидерлердин мектеби. Балким, бул абдан маанилүүдүр, анткени биздин бүтүрүүчүлөрүбүз жашоодо өз ордуларын жеңил табышат жана ийгиликтүү, бактылуу адамдардан боло алышат – бул далилденүүдө.

Баса, «Илимде» окуу биринчи класстан гана алынбайт. Сиз өз балаңызды бизге жөнөкөй жалпы билим берүүчү мектептердин ар кандай класстарынан которо аласыз жана биз анын окуу программасына тезирээк ылайыкташына жана жаңы балдар жамаатына көнүшүнө жардам беребиз.

Суроолор жана жазылуулар үчүн телефон: +996 770 33 03 23.