«ШкольНика»

18.05.26Ал эми бул жерде мугалимдер өз бүтүрүүчүлөрүн, жада калса ар бирин өз-өзүнчө куттуктап жаткан биздин салттуу жана уникалдуу иш-чарабыз «ШкольНика» - бүтүрүүчүлөрдү жыл сайын сыйлоодогу сүрөттөр. Бүгүн биз юбилейлик «Илимдин» 25чи бүтүрүү «ШкольНикасын» өткөрдүк.

Акыркы коңгуроо

18.05.25Линейка окуучулар менен мугалимдердин салтанаттуу чыгуусу менен башталды. Бүгүн бүтүрүүчү төртүнчү, тогузунчу жана, албетте, он биринчи класстарга өзгөчө көңүл бурулууда. Алар үчүн коштошуу каалоолору менен мугалимдер, ата-энелер жана, жада калса, биринчи класстар чыгып сүйлөштү.

Башталгыч мектептеги бүтүрүү

18.05.24«Илимде» бүтүрүү майрамдары башталды. Биз окуу жылын мына ушинтип шаңдуу жана кызыктуу бүтүрөбүз. Ата-энелер жана мугалимдер үчүн балдар көптөгөн бий аткарууларын, ырларды даярдашкан. Жана ошондой эле кызуу кол чабууларга татыктуу болушту!

Биринчи улуттук форум

18.05.23Биздин математика мугалими жана робототехника боюнча машыктыруучу Белла Пак «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭУФ колдоосу алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында өткөрүлгөн «Баланын эрте өнүгүүсүнүн көйгөйлөрү» Биринчи улуттук форумуна катышып келди.

«Лего» көргөзмөсү

18.05.22«Илимдин» окуучулары «Лего» сабактарында иштелип чыккан роботторун жана робототехникаларын Баялинов атындагы китепканадагы көргөзмөгө коюшту. Көргөзмөгө көп мектептердин өнөрлүү балдары катышышты, ал эми иштерди эл аралык жюри баалады. Иш-чара Бишкектеги Америка элчилигинин

Бүтүрүүчүнүн каты

18.05.21«Гульджамал Джусупбековна, элестетиңизчи,көрсө,бизге аз эле убакыт калыптыр. Биз муну таптакыр мойнубузга алгыбыз келбейт. Бардыгы үчүн сизге чоң рахмат.
Биздин мектеп, атмосфера, жайлуулук, жылуулук, билим, тажрыйба үчүн.

Мектеп спартакиадасы

18.05.16«Азаматтар! Азаматтар!», — «Илим» Билим берүү комплексинде спартакиада болору тууралуу мектепке кире берерде эле угулуп жатты. Эртең менен бизде мектеп спартакиадасы башталды. Илимдиктер ар түрдүү мелдештерге катышты: чуркашты, секиришти, аркан тартышты, тегереништи, бийлешти.

Спорттогу жеңиш!

18.05.12Биздин онунчу класстын окуучусу, Роман Евдаков, аймактарды өнүктүрүү жылына арналган окуучулар арасындагы эркин күрөш боюнча республикалык Спартакиадага катышып келди. Рома татыктуу 3 орунга ээ болду.
Сыймыктанабыз!

«Кыргыз элинин кенже эпостору» республикалык сынагы

18.05.112018 ж. 11 майында жюри «Кыргыз элинин кенже эпостору» республикалык сынагынын алкагындагы ар бир конкурсантты баалоо боюнча чоң, олуттуу ишке киришти.
Жөнөтүлгөн иштерди баалоо төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлөт:

«Жомокто мейманда»

18.05.04Жомоктор эски достор сыяктуу, аларга убак-убагы менен барып туруш керек.
Бала бакчада «Жомокто мейманда» темасында сабак болуп өттү. Балдар кызыктуу кооз жомок дүйнөсүнө саякатка барышып, мына ушундай укмуштуу кол буюмдарын жасашты!