Жаңы 2019 жылыңыздар менен!

image_01Кымбаттуу Кыргызстандыктар!

Сиздерди Жаңы 2019 жылыңыздар менен куттуктайбыз!

Бул укмуштуудай сонун - биздин жылуу маанайдагы салттарыбыздын бири болгон майрамды белгилөө өзгөчө мааниге ээ. Ал муундан-муунга өтүп, баарыбызды бириктирип келүүдө. Ошондуктан, биз Жаңы жылдын келишине абдан кубануу менен келечекке болгон кыялдарыбыздын орундалышына үмүттөнүп, жакшылык, ийгиликтерди алып келерине чын жүрөктөн ишенүү менен күтөбүз.

Бул сезимдерибиз жана аракеттерибиз Кыргызстанда жашаган көп улуттуу элибиздин биримдигин бекемдеп турат. Биз биргеликте гана күчтүү болуп, биздин жалпы пландарыбыздын, ойлорубуздун аткарылышына жетише алабыз.

Баарыңыздарга ден соолук жана бакыт каалайбыз. Ар бир үйдө көптөгөн кубанычтар, ар бир үй-бүлөдө бири-бирин түшүнүү жана береке толуп турсун!

«Илим» ББксынын түзүүчүлөрү
Ибрагимова Г.Д. жана Есеналиева Г.Д.