Республикалык биринчи Олимпиада

image_01Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин 4-11 класстарынын окуучуларынын арасында математика, кыргыз жана англис тилдери боюнча Республикалык биринчи Олимпиада өтөт.

Райондук тур

  1. 1. Олимпиаданын календарындагы өтүлүүчү күнү жана жери бул сайтта: www.araket.kg
  2. 2. Катталуучу төлөмдү Олимпиада өтүүчү жерде төлөйсүздөр.
    • • суроолордун саны – 35, убактысы - 70 мүнөт
    • • максималдуу саны - 76 упай, өтүүчү упай - 38 упай.
  3. 3. Математика жана англис тили боюнча олимпиада базалык жана тереңдетилген деңгээлдерге бөлүнүп өтөт. Кыргыз тили боюнча олимпиада билим берүү программасына бөлүнбөстөн, базалык деңгээлде гана жүрөт.

Облустук тур

  1. 1. Олимпиаданын календарындагы өтүлүүчү күнү жана жери бул сайтта: www.araket.kg
  2. 2. Катталуучу төлөмдү Олимпиада өтүүчү жерде төлөйсүздөр.
    • • суроолордун саны – 25, убактысы - 60 мүнөт
    • • максималдуу саны - 79 упай, өтүүчү упай - 45 упай
  3. 3. Математика жана англис тили боюнча олимпиада базалык жана тереңдетилген деңгээлдерге бөлүнүп өтөт. Кыргыз тили боюнча олимпиада билим берүү программасына бөлүнбөстөн, базалык деңгээлде гана жүрөт.

Республикалык тур

  1. 1. Катталуучу төлөмдү Олимпиада өтүүчү жерде төлөйсүздөр.
  2. 2. Өзүңүздүн жаныңызда:
    • • туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
    • • классын жана окутуу программасын тастыктаган маалымат (математика жана англис тили үчүн терендетилген же базалык), 3х4 сүрөтү кошо болуш керек.
  3. 3. Олимпиаданын Республикалык туру 2019 ж. 20 январында Бишкек ш. Токтонолиев көч. 6б «ИЛИМ» билим берүү комплексинин имаратында өтөт. Каттоо 8:00 с.
  4. 4. Математика жана англис тили боюнча олимпиада базалык жана тереңдетилген деңгээлдерге бөлүнүп өтөт. Кыргыз тили боюнча олимпиада билим берүү программасына бөлүнбөстөн, базалык деңгээлде гана жүрөт.
  5. 5. Республикалык турдун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү аныктоо – 4 дөн 11 класстарга чейинки базалык жана тереңдетилген деңгээлдер боюнча эң жогорку упайлардын санын топтогон 3 катышуучу 1, 2 жана 3 орундарга ээ болот. Иштер квалификациялуу окутуучулар менен эксперттерден турган көз карандысыз калыстар тобу тарабынан текшерилет.
  6. 6. Республикалык турдун натыйжалары КутБилим коомдук - педагогикалык жана илимий популярдуу газетасына жана www.araket.kg сайтына жарыяланат.

ОЛИМПИАДАнын СЫЙЛЫКТАРЫ

  • 1 орун - Ноутбук ACER
  • 2 орун - Планшет CUBE
  • 3 орун - 5000 сом


Олимпиаданын календары менен бул дарек аркылуу таанышууга болот www.araket.kg/calendar.html.

Катышуучулардын натыйжаларын www.araket.kg/balls.html расмий сайтында билүүгɵ болот.