Республикалык Олимпиаданын I туру

2018ж 10 ноябрында «Илим» Билим берүү комплексинде математика, англис жана кыргыз тилдери боюнча 4-11 класстар арасында Биринчи Республикалык олимпиаданын I туру болуп өттү.

Толкунданган балдарды жана алардын ата-энелерин биздин меймандос жамаат тосуп алды.

Олимпиаданын катышуучуларын ар башка аудиторияларга жайгаштырдык. Ал эми ата-энелерге, алардын күтүүлөрүн жагымдуу кылыш үчүн биздин ашканга чай менен кофе уюштуруп бердик. Ошондой эле бүт каалоочуларга биздин комплекске таанышуу экскурсиясын уюштурдук.

2018ж 17-18 ноябрында саат 9.30да математика, англис жана кыргыз тилдери боюнча 4-11 класстар арасында Биринчи Республикалык олимпиадага катышуучулар үчүн каттоо жүргүзүлөт.

Республикалык олимпиаданын райондук турунун жыйынтыгы 26 ноябрда www.araket.kg сайтына жарыяланат.