Олимпиада катышуучуларынан интервью

image_01Өткөн жекшемби күнү «Илим» Билим берүү клмплексинде 4дөн 11 класстарга чейинки окуучулар үчүн Биринчи республикалык олимпиаданын I туру уланды. Бош убакыттан пайдаланып биз Олимпиаданын уюштуруучулары - «Аракет» фондусунун өзүнөн интервью алууну чечтик.

«Аракет» мектеп билим берүүсүн өнүктүрүү коомдук фонду – бул Кыргызстандагы мектеп билим берүүсүн өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу мене алектенген коммерциялык эмес уюм.

“«Аракет» үстүбуздөгү жылы «Илим» ББКсы менен биргеликте математика, кыргыз жана англис тилдери боюнча билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн Биринчи республикалык олимпиада өткөрүп жатат.

Олимпиада 3 турда өткөрүлөт: райондук, облустук жана республикалык.

Биринчи тур 10 ноябрда старт алды жана 25де аяктайт. I турдун жыйынтыктарын, олимпиада тууралуу жана башка маанилүү маалыматтар менен бирге 26 ноябрда биздин www.araket.kg сайт аркылуу биле аласыздар.

Суроолор тажрыйбалуу окутуучулар тарабынан бекитилген мектеп окутуу программасынын олимпиадалык тапшырмаларына карата талаптарын эске алуу менен түзүлгөн. Кийинки баскычка өтүү үчүн катышуучулар белгилүү өтүү баллын топтошу зарыл. Бул биринчи турда 76 баллдын ичинен 38 алуу керек дегенди билдирет.

Фонддун жетекчилиги тарабынан тесттик тапшырмалардын түзүлүшүнүн жашыруундуулугу, ошондой эле алардын ташылуусу менен сакталышы камсыздалынат. Тесттер сейф-пакеттерге таңгакталып, катышуучулардын көзүнчө ачылат, турдун аякталышы менен сейф-пакеттерге жабылып, текшерилүү үчүн жүктөлөт.

Тесттердин ачкычтары бир гана жоопкерчиликтүү адамда болуу менен алардын толук купуялуулугу камсыздалган.

Толтуруу боюнча толук жана кенен нускама тесттин алдында берилет. Тесттен өтүүдө фото-видеоаппаратура менен колдонууга тыюу салынат.

Маалыматтардын тышка чыгуусуна жол бербөө максатында, биз катышуучуларга тестке кереги жок өздүк буюмдарын партанын четине коюу үчүн зип-кутучуларын беребиз. Математика боюнча тест үчүн черновик да фонддун кызматчылары же Комплекс тарабынан берилет. Бул демек, Олимпиаданын катышуучуларына тест үчүн бир гана калем сап менен катталуу взносу керек.

Биз «Илимге» өнөктөштүк жана тест өткөрүү үчүн аудиториялар менен камсыз кылгандарына эбегейсиз чоң ыраазычылык билдиребиз! Бишкек жана жакын райондордун катышуучулары үчүн биринчи тур так ушул жерде өткөрүлөт.

Биз Олимпиаданын биринчи эки күнүндө 800дөн ашык катышуучуларды тесттен өткөрдүк. Ата -энелер мектептин ичинде, алар үчүн атайын ысык суусундуктар даярдалган жерде, өз балдарын күтүп отура алышат. Мындан тышкары, бул жерде атайын мектеп ичинде алар үчүн Комплекс тууралуу кызыктырган маалымат алуу үчүн экскурсиялар жүргүзүлөт.

Биз Олимпиада жөнүндө көптөгөн оң жана жакшы ой-пикирлерди алдык, ал үчүн катышуучулардын ата-энелерине рахмат. Олимпиаданын I турунун акыркы күнүнө катышуу үчүн 25 ноябрга чейин www.araket.kg сайтына катталууга болот. Бардык каалоочуларды күтөбүз!»

© Дина Кызаева, «Аракет» фондунун уюштуруу комитетинин мүчөсү.