Эл аралык балдар киносу фестивалы

image_01 Достор, ырахаттануу менен биз катыша турган жаңы долбоор жөнүндө айтып беребиз.

Эл аралык балдар киносу фестивалы (IKFF) – бул бүт дүйнө жүзүндөгү мектептер менен университеттерде жүрүп жаткан уникалдуу кино фестивалы.

Фестивалдын программасы катышуучуларга эң мыкты балдар киносүрөттөрүн КӨРҮҮ, кино өндүрүүчүлөрдүн негиздерине үйрөтүүчү мастер-класстарды ОКУТУУ, дүйнө жүзүндөгү эң чоң киносынагына катышуу үчүн өздүк фильмдерди ТҮЗҮҮ мүмкүнчүлүктөрүн берет. Бул жылы IKFF биринчи жолу Кыргызстанда өтөт.

Кинофестиваль 3 этаптан турат:

  • Окутуу мекемесинде фильмдерди КӨРҮҮ
  • Online-мастер-класстар аркылуу кино өндүрүштөрүнүн негиздерине ҮЙРӨТҮҮ
  • Сынакка катышуу үчүн өз фильмин ТҮЗҮҮ.


Эң мыкты фильмдердин авторлору төмөнкү ПРИЗдерге ээ болушат:

  • Bollywood Production га баруу мүмкүнчүлүгү
  • Приз фонду $10 000 USDга чейин
  • 2019 кинофестивалынын жюри мүчөлүгүнө катышуу.


Бардык катышуучулар деңиздей терең позитив, тажрыйба, ошондой эле эл аралык IKFF 2018 катышуучусу сертификатын алышат!

Силер да программанын катышуучусу боло аласыңар. Жөн гана www.ikff.kz сайтына арыз калтырыңыз, же + 996 505 180 590 номерине чалыңыз.