«Илим-Ош» ББКсындагы Биринчи Республикалык Олимпиада

24 жана 25 ноябрда биздин Ош филиалы мектеп окуучуларынын Биринчи Республикалык Олимпиадасынын райондук этабынын катышуучуларын кабыл алышты.

Балдар математика, кыргыз жана англис тилдери боюнча билимдери менен беттешүү алдында турду. Олимпиадага 56 мектеп катышты.

Биринчи күнү тесттен өтүү үчүн 1850, ал эми экинчи күнү – 1371 мектеп окуучусу келди.

Олимпиаданын райондук этабыны ишин «Аракет» фондусунун уюштуруу тобу менен «Илим» Билим берүү комплексинин мугалимдери камсыз кылды. Биздин кесиптештер менен өнөктөштөргө эбегейсиз чоң ыраазычылык.

Оштогу өткөн райондук турдун жыйынтыктары боюнча маалымат 8 декабрда www.araket.kg сайтына жайгаштырылат.