Майып балдар үчүн Жаңы жылдык балаты

Бүгүн «Илим» Билим берүү комплексинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Жаңы жылдык балаты болуп ɵттү.

Кɵрсɵтүү программасы менен жаны жылдык белектерди бардык илимдиктер-балдар, ата-энелер даярдашты. Балдар жомоктогу персонаждар менен эң сонун спектакль кɵрүштү, ошондой эле бардык балдарга жаны жылдык белектерди тартуу жасашкан Аяз Ата жана Аяз кыз менен жолугушту!

«Оберег», «Умут-Надежда», «Сашенька» МБРБнун балдары жана залда катышкандар үчүн Илимдиктер уюштурган жаны жылдык майрам оң эмоция жана эсте каларлык унутулгус окуя болоруна үмүт артабыз.