Илимдиктерди Жаңы жылы менен куттуктоо

Жаңы жыл алдында жыйынтыктарды корутундулоо менен белектерди тапшыруу керек.

Эгерде 2018 жылды эске салсак, анда биздин Комплекс үчүн ал эң бир жаркын эстеп каларлык окуялары, жаңылыктары, жетишкендиктери менен ɵттү. Жылдан - жылга ушундай болуп ɵтɵɵрүнɵ ишенебиз, анткени биз, балдар, ата-энелер жана мугалимдер-бир командабыз!

Ал эми белектер тууралуу сɵз кыла турган болсок, 10 А–классы демилге кɵтɵрүп чыккан жана илимдиктердин баары - бала бакчанын бɵбɵктɵрүнɵн тартып, жогорку класстын окуучулары катышкан жаңы жылдык видеону ырахаттануу менен бɵлүшɵбүз. Биздин балдардын ɵнɵрлɵрүнɵ суктанып да, таң калып да кубануудабыз.

Биздин мугалимдерге да, алардын балдардын бардык аракеттерин колдогондуктары үчүн рахмат.

Достор, видеону кɵрүп, жаңы жылдык маанай менен шыктануудабыз!