«Илимдиктердин» ийгиликтери

«Илим» Билим берүү комплексиндеги мугалимдер бүткүл жан дүйнɵсү менен балдарга билим берет жана алардын ийгиликтери менен абдан сыймыктанышат. Биз ар дайым «Илимдиктердин» жетишкендиктерин билип турабыз. Ушундай бир жеңиши тууралуу биз менен окуучубуз – Азим Ибрагимов бɵлүштү. Азыр ал Америкада «Kaizer High school» мектебинде окуп жатат.

Биз кубанычтуулук менен силерге анын каттары менен тааныштырабыз:

«Саламатсызбы, Гульджамал Джусупбековна!
Мектеп директору эң мыкты окуум үчүн мага грамота тапшырды. Бардык предметтер боюнча чейректик баам «А» болду, бул эӊ жогорку балл. Мен ынтызарлык менен окуп жатам жана жакында экинчи чейрек үчүн да ушундай эле грамота алам деп ойлоп жатам. Аларым менен сизге сүрɵтүн жɵнɵтɵм. .Дагы окуунун жыйынтыгы менен мен мектеп ашканасында бекер тамактануу үчүн чек алдым. Менин окуудагы жетишкендиктерим мына ушундай.
Сизге жана Сиздин дайыма мага болгон колдооӊузга абдан ыраазымын!
Бекем кучактайм,
Сиздин окуучуӊуз, Азим Ибрагимов».


«Аллоха, Гульджамал Джусупековна!
Сиз менен кайрадан саламдашып жатканыма кубанычтамын! Кандайсыз, биздин мугалимдер, илимдиктер кандай?
А меники абдан сонун, сизге жазбаган бул убакыт ичинде кɵптɵгɵн жаӊылыктар чогулуп калды! Ошентип, сизге бул кыска катымда баарын кенен жазууга шашылуудамын!
Гавайя мектептеринин биринде дагы ким эң мыкты окуучу болуп чыкты,таап кɵрүӊүзчү? Бул болсо, дагы эле менмин, силердин окуучуңар, буга мен абдан кубанычтамын. Жана элестетип кɵрүӊүзчү, кɵрсɵ, менин абдан жакшы окуганымдан, бир класс жогору деп эсептелген алгебрага которушту! Башкача айтканда, эгерде менин курсум Algebra II болсо, менин сабак жүгүртмɵмɵ, дагы бир Pre – Calculus курсу кошулду. Мындай ɵзгɵрүүлɵргɵ абдан сүйүнүп жатам. Ошондой эле, менин мугалимдерим мага SAT тесттин алууну сунуштап жатышат (бул биздин ЖРТ тестинин аналогу). Мугалимдер менин аны эң жакшы тапшырарыма абдан ишенишүүдɵ! Ошондуктан эми мен бул тестке даярданып баштадым. Ооба, мен окуганды абдан жакшы кɵрɵмүн, Сизге чоң рахмат!
Эми менин жашоомдогу башка аспектилер тууралуу айтып кетейин. Эсиңизде барбы, мен сүзүү боюнча мектеп командасына киргенимди жаздым эле. Менин кɵрсɵткүчтɵрүм абдан жакшы болду! Гавайлыктарга атаандаш сүзгɵнүмɵ карабастан, ɵз тобумдун ичинде мага ар дайым үчүнчү орунду ээлегенге мүмкүнчүлүк болуп жатты. Биздин команда биздин мектептин аралында кɵптɵгɵн башка мектептер менен сүзүүүдɵ байгелүү орундарга ээ болуп жатты. Жана сүзүү сезону январдын башында аяктады, ошондуктан азыр бизде эс алуу.
Айтмакчы, мен ɵзүмдү илимдин Instagram мектеп баракчасынан кɵрүп, абдан таң, калдым, мен жɵнүндɵ жакшы позитивдүү жаңылык жвзылыптыр. Эбегейсиз чоң рахмат. Менин ийгиликтеримди ушундай жогору баалагандарыңыздарга мен абдан сыймыктанам.
Гавайяда мен убактымды абдан жакшы ɵткɵрүүдɵмүн, абдан кɵп сонун адамдар менен жолуктум. Абдан кɵп досторду таптым, эми алар менен мектептен тышкары чогуу убакыт ɵткɵрүүдɵбүз. Бул жерде окуу абдан жагымдуу. Кандай гана ырахат! Жана мага ɵзүмдүн коомдук турмушумду окуу менен айкалыштырган абдан жагат. Ɵзүмдү жомокто жүргɵндɵй сезүүдɵмүн. Чындап эле, бул жомок- менин чыныгы жашоом. Мен ыраазымын…!!!»