Республикалык биринчи Олимпиада

18 январда 5 класстар арасында Республикалык масштабдуу олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы болуп ɵттү. «Илим» ББКсында математика боюнча ɵз билим деңгээлин кɵрсɵтүш үчүн, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 500дɵн ашуун адам чогулушту. Бул күн оңойго турган жок, бирок баары туура уюштурулган үчүн биз ар бир катышуучуга максималдуу ачык-айкын, ыңгайлуу шарттарды камсыз кылып бердик.

  • Ар бир катышуучуга уникалдуу жол кɵрсɵтүлүп, объективдүү бааланышы камсыз болду.
  • Баалоо комиссиясы катышуучунун аты-жɵнү кɵрсɵтүлбɵгɵн анонимдүү иштерди текшерди
  • Жыйынтыктары код номурлары менен жарыяланды.


Ар бир катышуучу Республикалык олимпиаданын финалдык 3 турунун катышуучусунун ардак грамотасын алышты.

Бизди дагы кыйын болгон эки күн күтүп турат. Бул күндɵрү биз силер менен калган класстардын математика жана англис тили боюнча 4-11 класстар арасында жеңүүчүлɵрүн аныктайбыз.

Азырынча катышкандардын ар бирине ыраазычылыгыбызды билдиребиз, ал эми жеңүүчүлɵр менен ушул жекшемби күнү «Ала-арча». Мамлекеттик резиденциясындагы салтанаттуу тапшырууда жолугушабыз.