Билимге карай алга!

image_01«Кутбилим» Коомдук - педагогикалык жана илимий - популярдуу басылмасы 4-11 класстардын окуучулары арасында англис жана кыргыз тили, математика боюнча өткөрүлгөн биринчи Республикалык олимпиаданын жыйынтыктарын басып чыкты.

Илимдиктер бул олимпиадада өздөрүн абдан жакшы көрсөтүштү. Алар аталган үч предмет боюнча 45 байгелүү орунга ээ болушту. Бул демек, Илим мектебинин бардык ортоңку жана жогорку класстарынын окуучуларынын 14% түзөт. Биз жетишкен ийгиликтерибиз менен абдан сыймыктанабыз.

Ошону менен катар окуучулары 10 байгелүк орунду ээлеген «Илим-Ош» Билим берүү комплексин да куттуктоону каалайбыз!

Олимпиада – бул өз билимин республикалык деңгээлде сыноонун бир шансы. Жана биз азыр бул текшерүүдөн 100 пайызда өттүк деп ишенимдүү айта алабыз!