IKFF балдар кинофестивалынын катышуучуларына сыйлык тапшыруу салтанаты

15 мартта дүйнө жүзүндөгү эң ири болгон Эл аралык балдар киносу (IKFF) фестивалынын Борбордук Азиянын биринчи катышуучуларын сыйлоо Салтанаты болуп өттү. Кыргызстан менен Казахстандын катышуучуларына сыйлык тапшыруу Салтанатына Болливуддан (фестивалдын мекени) IKFF Башкы менеджери жана негиздөөчүсү - Сейид Султан Ахмед өзү келди.

Сейид Султан Ахмед Кыргызстандын катышуучуларынын өз тарыхтарын терең түшүндүрүү аркылуу көргөзө жана айта билүү жөндөмдүүлүгү таң калтырганын белгилеп кетти. «Алар өз фильмдеринде абстрактуу образдар аркылуу коомдогу татаал социалдык көйгөйлөр тууралуу айтып беришти. Мындайды 12 -17 жаштагы өспүрүмдөрдөн күтпөйсүң», – дейт фестивалдын негиздөөчүсү.

Эл аралык балдардын кино фестивалы (IKFF) – «New Schools Foundation» фондуна байланыштуу биринчи жолу Борбордук Азия (КР жана РК) өлкөлөрүндө өткөрүлүп жатат. Бул бүт дүйнө жүзүндөгү мектеп жана универститеттердеги өткөрүлүүчү өзгөчө кино фестивалы окуучуларга эң мыкты кино картиналарды КӨРҮҮ, кино өндүрүш боюнча мастер-класстарда ҮЙРӨНҮҮ, дүйнөдөгү эң ири киносынагына катышуу үчүн өз фильмдерин ТАРТУУ мүмкүнчүлүгүн берет.

2018 жылдын аягында фестивалга Борбордук Азиядан 2000, анын ичинен он-лайн программасы боюнча кино өндүрүш негиздерин окуп үйрөнгөн 180, жыйынтыгында 11 фильми сынакка катышууга жөнөтүлгөн балдар катышты.

Жыл сайын IKFF Global га дүйнө жүзүндөгү 20 өлкөдөн 100 фильм тандалып алынат. Сынактык иштер 4 жаш өзгөчөлүк топторуна бөлүнөт – 10 дон 12 жашка чейин, 12 ден 14 жашка чейин, 14 төн 17 жашка чейин жана 18 ден 21 жашка чейин. Ар бир жаш категориясында 2 ден жеңүүчү аныкталат – «Эң мыкты фильм» номинациясы жана «Атайын приз» номинациясы. Белгилей кетсек, катышуунун биринчи жылында эле Кыргызстандан 2 фильм бир жаш өзгөчөлүк тобунда «Эң мыкты фильм» премиясын жеңип алды. (Алтынай Таалайбек кызы – «Кичинекей демократия» фильми) жана «Атайын приз» премиясында (Алина Кошматова – «Өзүңө өзүң ишен» фильми).

Мыкты сыйлык катары стажировка алыш үчүн «Эң мыкты фильм» номинациясындагы жеңүүчүнү Боливудга жөнөтүү күтүп турат (уюштуруучулар тарабынан толук төлөнүп берилет) жана ал жакта чыныгы фильм тартуу үчүн режиссердун ассистенти катары катыша алат, ошондой эле 2019-20 жылдын фестивалындагы жюри мүчөсү катары 500 USD өлчөмүндө акчалай приз ала алат.

Белгилей кетсек, призге ээ болгон 2 фильм кийинки жылы дүйнө жүзүндөгү эң ири фестивалда көрсөтүлөт жана Кыргызстандык эки кыз окуучунун тарыхын 2 млн дон ашуун адам көрө алат.

Борбордук Азиядагы «New Schools Foundation» фондунун негиздөөчүсү жана IKFF долбоорунун Директору – Женни Жениш кызы - анын фонду мындан ары дагы бул долбоорду Борбордук Азия өлкөлөрүндө өнүктүрүүгө жана 2019 -20 жылдарында көптөгөн окуучулардын бул долбоорго катышуусуна мүмкүнчүлүк берилерин билдирди. Долбоор жана ага катышуу мүмкүнчүлүгү боюнча толук маалыматты бул ikff.kz сайтынан биле аласыздар.