Билим берүү фестивалындагы Ilim TechLab

«Роза Отунбаеванын Демилгеси» фонду уюштурган, жыл сайын өткөрүлүүчү билим берүү фестивалы Бишкекте жакын арада болот!

Бул жылы өтүүчү фестиваль абдан кызыктуу болмокчу, анткени, 2019 жылдын темасы Кыргызстандын Санариптик мууну: маалыматтык-баарлашуу технологиялары жана IT-билим берүүчүлүк.

Ал эми биз баарыбыз «Илим» Билим берүү комплекси балдардын IT-билим берүүсүнө өзгөчө көңүл бураарын жакшы билебиз. Бизде азыр «Ilim TechLab» даярдыктары кызуу жүрүп жатат. Биздин жаш инженерлер менен программисттер фестивалда өз иштерин көрсөтүүгө жана фестивалдын бүт катышуучулары менен өз билимдерин бөлүшүүгө даярданып жатышат.

Бүткүл дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө караганда жакынкы алты жыл ичинде көптөгөн жумушчу орундар роботтор менен алмаштырылат. Ошондуктан IT-технологиялар менен байланышкан кесиптер абдан талап кылынат.

А сиз өз балаңыздын IT-билим алуусу жөнүндө ойлонуп көрдүңүз беле? 13 апрелде балдарыңар менен БААУга жана 4 майда Курманжан Датканын эстелигинин жанына келгиле, биз силерге биздин «Ilim TechLab» эмнени үйрөтөөрүн кубанычтуулук менен айтып да, көрсөтүп да беребиз.