Англис тили боюнча Эл аралык олимпиада

image_01

Дагы бир сонун жаңылык!

Биздин 10 «А» классынын окуучусу Алсу Шаршембиева англис тили боюнча Эл аралык олимпиадага катышты. «The world scholar's cup» – дүйнө жүзү боюнча жогорку класстар арасындагы Эл аралык олимпиада.

Англис тилинин бүт аспектилери:жазуу, талкуу, ой жүгүртүү ж.б. боюнча тапшырмалар берилген.

Биздин окуучубуз 9 медаль жана кубокту жеңип алды!

Ал тайпага кошулуу менен Астанада өтүүчү экинчи айлампага кирди!

Баса, ал «Илим» Билим берүү комплексинин атынан жалгыз өкүл катары катышып, ушунча көп байгелерге ээ болду.

Биз сени менен абдан сыймыктанабыз жана сенин олимпиадада жеңишке ээ болушуңду каалайбыз.