Шайыр жана тапкычтар клубу

Ура! Илимдиктердин кезектеги жетишкендиги!

Жакынкы күндөрү «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда мектеп ШТК лигасы болуп өттү.

Сынакка күлкүлүү скетч жана тууроо, укмуш тамашалар жана өзгөчө ырлардын адилеттүү таймашында кайсы команда эң шайыр жана тапкыч деп аталаарына татыктуу болорун билүү үчүн Бишкектин бүт тарабынан мектеп окуучулары катышты.

Сынактын жыйынтыгында «Илим» Билим берүү комплексинин командасы эң көп упай топтоо менен биринчилик кубогун татыктуу жеңип алды.

Илимдиктер, куттуктайбыз!