Infomatrix 2019 Эл аралык олимпиадасы

«Илим» кайрадан бийиктикте!

Жакында эле биздин үч окуучубуз Ilim TechLab менен биргеликте INFOMATRIX 2019 аталышындагы роботехника боюнча эл аралык турнирде Алматыны жеңиш үчүн жөнөп кетишти.

Биздин баатырлар турнирдин жыйынтыгында, дүйнө жүзүндөгү 30 дан жогору өлкөдөн катышкан, ар түрдүү категориядагы 400дөн ашуун студентти артка калтырып 3 орунга ээ болушту:

  • Назаров Нур 5 «Б»
  • Кадыров Элмырза 4 «В»
  • Муктаров Арсен 6 «Б».


Эл аралык Infomatrix турнири тууралуу бир аз толугураак айтып берели:

INFOMATRIX – бул компьютердик долбоорлордун базасында, IT сферасында бүт өлкөлөрдөн эң мыкты студенттерди бирге чогултуу максатында түзүлгөн эл аралык мелдеш. Бул мелдештер катышуучулардын роботехника ыкмаларын мыктылоо үчүн гана эмес, көптөгөн ар түрдүү өлкөлөрдүн окуучу, студент жана мугалимдеринин маданий аралык баарлашуусун жана кызматташуусун алдыга жылдыруу үчүн жүргүзүлөт.

INFOMATRIX эл аралык мелдеш катары катышуучуларга дүйнө жүзүндөгү эң мыкты университеттерге тапшыруу убагында көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет. Көптөгөн өлкөлөр мындай технологиялык мелдештерден алынган медалдарды өтө жогору баалашат.

Дагы бир жолу биздин жаш инженерлерди куттуктайбыз! Силер эң мыктысыңар. Алга, Илим!