Баштапкы аскердик даярдык

Дени соонун – жаны соо!

Ушундай девиз менен биз ушул базар күндөрү аскерге чейинки даярдык сабактарында өтүлгөн бүт материалдарды иш жүзүндө колдонуу максатында «Илим» Билим берүү комплексинин эркектер клубунун жогорку класстарын алып, тоого чыгып кеттик.

Биз бул убакыт ичинде өзүн-өзү коргоо жана гранат ыргытуу боюнча ыкмаларды бекемдеп, коргонуу жер төлөлөрдү туура казууну үйрөндүк, эң негизгиси - окуучулардын ден соолугу менен жан дүйнөсүн чыңдадык.

Жаш жоокер курсу ийгиликтүү өткөрүлдү.

Жоокерлер, куттуктайбыз!