«Илимдиктердин» ийгиликтери

Питер шаарына жашоого кеткен биздин окуучулар өздөрүнүн билими менен Россиянын маданий борборун багындырып жатышууда. Жамал жана Жоомарт Бакировдор 8-11 класстардын окуучулары арасында география боюнча өткөн «Мен – саякатчымын» райондук сынагында 1 жана 3 - орунга ээ болушту. Эскерте кетсек, сынак өткөрүлгөн Приморск районунун калкынын эсеби 550 000 ден ашуун адам, ал эми мектептеринин саны - 69.

Ошондой эле Бакирова Жамал Россиянын мамлекеттик мектептеринин арасындагы орус тили боюнча олимпиаданын жеңүүчүсү да болуп эсептелет. Эң чоң тирешкендик шартында, орус тилинин өз мекенинде орус тили боюнча биринчи орунду жеңип алуу – бул эң чоң жеңиш.

Ошондой эле, азыр мектеп президенти болуп жаткан анын иниси мындан ары Голландияда окуусун улантмакчы.

Биз үчүн чет өлкөлөрдө жүргөн жана сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон биздин окуучуларыбыздын ийгиликтерин көрүү абдан жагымдуу.

Чындыгында, илимдиктер үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок!

Силер менен сыймыктанабыз жана мындан аркы жеңиштерди каалайбыз! Азаматтар!