«Илим» ББКсынын бала бакчасы

Биздин бала бакча – укмуштуудай жер.

Биздин балдардын кантип жетилип келе жатканына байкоо жүргүзүү - абдан эле кызыктуу. Биз алардын ар бири келечекте өз ишинин мыктысы болоруна ишенебиз.

Ал эми азыр алар кичинекей кезинде, биз алар үчүн кесиптердин өзгөчө жарманкесин жасадык. Сценарийсиз ачык оюн Илимдиктерге абдан жакты. Ар бир топто балдар зор энтузиазм менен куруп жатышты, дарылашты, сатышты жана жада калса, толук цирк шоу-программасы менен чыгып беришти.

Бала бакчада наристелер көп нерсеге үйрөнүшөт, ошондуктан ушундай кызыктуу оюн алардын эс алуусуна, шайыр-шатман болушуна жана өзүн көрсөтүүсүнө жардам берди.

Кыргызстандын келечектеги лидерлеринин жаңы мууну так ушинтип өсүп келе жатат!

Биздин бакчага келгенди каалайсыңарбы?

Анда тезирээк бул номурга чалгыла: 0770 330 323.