Ismart Robot Республикалык Олимпиадасы

Биздин Илимдиктердин кезектеги жетишкендиги менен бөлүшүүгө шашылабыз!

Жакынкы күндөрү, Эл аралык «Silk Road Cambridge» мектебинде Ismart Robot 2019 Республикалык Олимпиадасы болуп өттү. Ага 8ден 18 ге чейинки жаштагы 100дөн ашуун окуучу катышты.

Эң чоң тирешүүгө, анын ичинде аймактардан келген катышуучуларга карабастан, биздин балдар – Назаров Нур менен Муктаров Арсен эки коло медалды жеңип алышты!

Оюндун шарты боюнча, каршылашынын роботун рингдин чегинен сүрүп чыккан робот жеңүүчү болуп эсептелет. Ошондуктан катышуучунун эң негизги милдети – чектелген бөлүкчөлөрдүн санынан эң бекем жана туруктуу роботту куруу.

Ал эми биздин «Илим ТехЛабдын» балдары бул тапшырманы аткаруу менен Илимдин капчыгына 2 медаль алып келишти!

Ушул калыптан жазбагыла!

Биз силер менен сыймыктанабыз, жетишкендиктерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!