Бий күнү

Бий күнү биздин алдыбызга эң ачык боектору менен келди. Эң чоң акт залында кубаныч менен шаттыктын үнү угулууда. А парда артында эмнелер болуп жатат? Абдан кызыктуу суроо, анткени канчалаган эмоция, тынчсыздануулар, репетициялар, жасап-түсөнүү жана сахнага чыгуунун алдындагы майда титирөөлөр.

А силер билесиңерби, Илимдиктердин ушул күнгө толук эки ай бою даярдык көргөнүн? Күн сайын 1 ден 10 класска чейинки жаштагы балдар машыгуу түрүндө бийлегенди гана үйрөнбөстөн тайпа менен кантип туруу, уюштуруу боюнча чоң тажрыйба алышты, репетициянын бардык катышуүчулары үчүн ынгайлуу убакыт түзүүнү пландашты, балдар, кураторлор менен үзгүлтүксүз баарлашуу жүргүзүштү, жоопкерчиликти туура колдонууну үйрөнүштү бир сөз менен айтканда натыйжа үчүн бүт жоопкерчиликти өздөрүнө алып, жада калса медиатор катары да чыгып беришти.

Иш-чаранын уюштурулушуна эң чоң салымын биздин педагог – Борщева Виктория Олеговна да кошту. Долбоордун жетекчиси катары ал ар түрдүү суроолор боюнча пайдалуу кенештерин берип жана балдарга туура багыт көрсөтүп жатты. Бирок иш-чаранын уюштурулушу толугу менен биздин жогорку класстардыкы болду.

Баса, биздин бийлер эң бир жандуу өттү. Биз быйылкы жылы K-POP стилин тандап алдык. K-POP азыркы учурда - бул бүт дүйнө жүзүндөгү жаштар арасында миллион сүйүүчүлөрү бар масштабдуу субкультура. Так ошентип, 68 Илимдик катышкан Бий Күнү бизде шаңдуу жана абдан маанилүү болуп башталды. Биз бул иш-чаранын уюштурулушуна жардам көрсөткөн корей диаспорасына ыраазычылык билдиребиз.