«Илим ТехЛабда» роботту колдогу болгон каражаттар менен куруу

Кыргыз робот техникасынын келечеги эмнеде?

Бүгүнкү күндө көпчүлүк роботтор электр тогу аркылуу иштетилип жана керектен чыккан бөлүкчөлөрдү, зымдарды ж.б. үзгүлтүксүз алмаштырууну талап кылган кымбат-баалуу аспаптар менен башкарылат.

Биздин окуучулар – Эсенова Айгерим жана Гришаева Арина кымбат-баалуу робот-манипуляторлорго чектелген бюджет шартындагы альтернатива сунуш кылышты.

Алар экөө бирге гидравликалык энергия менен иштелүүчү, механикалык колдун өз макетин чогултушту. Кыздар түтүкчө аркылуу бойлоп кетүүчү суюктуктун жардамы аркылуу буюмдарды көтөрө, бир жерден экинчи жерге жылдыра алуучу роботту чогулта алышты.

Илимдиктердин демилгеси жакынкы арада масштабдуу долбоорго айланат деп ишенебиз жана биз биргеликте биздин өлкөдөгү робот техникасынын кантип өнүгүп жатканына байкоо жүргүзүп турабыз!